Кызыл-Кыяда 17 жаштагы кызды тоногонго шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Баткен облустук милициясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, милицияга жабырлануучу кыздын апасы кайрылган. Ал көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде кызына карата күч колдонулуп, Redmi 10A жана iPhone 11 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алган жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноочулук) боюнча катталып, кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Тоолос айыл аймагында жашаган 22 жаштагы Т.С. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.