Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогаражды оңдоп-түзөө иши улантылып жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди.
Учурда сырткы көрүнүшү жакшыртылып, чатырын жабуу иштери аяктап калды. Автогараждын актап-сырдоо жумушу да башталды.
Эскерте кетсек, буга чейин Жеңишбек Токторбаев автогаражды текшерип чыгып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырган.