Биз социалдык тармакта

Ооганстанда аялдар жазган китептерди университеттерде окутууга тыюу салды

Ооганстандагы талибан өкмөтү жаңы тыюунун алкагында университеттин окуу программаларынан аялдар жазган китептерди алып салганын чет элдик басылмалар жазышты.

Жалпысынан 680 китепке шарият жана талибдердин саясатына карама-каршы келет деген жүйө менен тыюу салынган. Анын 140ка жакыны жазуучу аялдардын чыгармалары.

Мындан тышкары 18 предметти окутууга да чектөө киргизилди. Алардын 6сы өзгөчө аялдарга тиешелүү, анын ичинде гендер жана өнүгүү, аялдардын баарлашууда ролу жана аялдар социологиясы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан