
Эртең, 20-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас жергесинде +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл аймагында +22...+27, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылыйт.
Ал эми күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23 градуска жетсе, Ош шаарында +24...+26 градус болот.