Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган Республикалык театр фестивалынын алкагында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театры “Эне” спектаклин койду.
Анда өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова башкы ролдордун бирин аткарды.
Белгилей кетсек, Республикалык театр фестивалы 15-сентябрдан тарта уланууда. Ал эми эртең, 20-сентябрда маданий иш-чаранын жабылыш аземи өтөт. Анда 14 спектаклдын арасынан мыктылары аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.