Франциянын борборундагы Улуттук табият тарыхы музейинен болжол менен 700 миң долларлык алтын үлгүлөрү уурдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, музей жетекчилиги уурулар кесипкөй топ экенин, алар түз эле алтын сакталган жерди көздөй барганын билдирди. Музей коопсуздукту күчөтүү максатында убактылуу жабылды.
Францияда соңку айларда музей уурулуктары көп катталууда.