Бишкекте 212-автобустагы эки жүргүнчү келиндин ортосунда пикир келишпестик жаралды.
Интернет желесинде тарап жаткан видеодо ак кийимчен кыз башка келиндин чачын мыжыга кармап сабап жатканын байкоого болот. Ортодо арачалаган жарандарга да баш берген эмес. Ал тепки жеп жаткан келин боюнда бар экенинин айтканда гана коё берип, коляскада отурган баласы менен аялдамадан түшүп калган.
Күбөлөрдүн айтымында, сабалган келин эсин жоготуп койгон.