Биз социалдык тармакта

Египетте Клеопатра башкарган учурда чөккөн кеменин калдыктары табылды

Египетте археологдор Клеопатра доорундагы чөккөн байыркы кеменин калдыктарын табышты. Бул табылга ханыша көмүлгөн мүрзөнү издөөгө жардам бериши мүмкүн. Бул тууралуу Египеттин Туризм жана археология министрлигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.

Доминикалык изилдөөчүлөр кемеге тийиштүү темир жабдыктарды табышкан. Мындан тышкары Тапосирис Магна сыйынуучу жайынан деңизге чыга турган туннель табылды.

Экспедиция жетекчиси Кэтлин Мартинестин айтымында, бул храм Клеопатра менен Марк Антонийдин акыркы жайы болушу мүмкүн.

Клеопатра биздин заманга чейин 51-жылы бийликке келип, Римдин Египетти басып алуусунан кийин өзүнө кол салып каза болгон. Анын жана Марк Антонийдин мүрзөсү азыркыга чейин табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан