18-сентябрда Түркиянын Анталья, Мугла жана Чанаккале аймактарында токой өрттөрү чыгып, азыркыга чейин өчүрүлө элек. Күчтүү шамал өрттүн тез жайылышына себеп болуп жатканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Антальяда өрт мейманканаларга жана үйлөргө жетип, туристтер эвакуацияланды. Муглада шамалдан улам өрт күчөп, 100дөн ашык үйдөн 350дөн ашуун адам көчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө 10 учак, 12 тик учак жана 500дөн ашык кызматкер тартылды.
Чанаккаледе да жаңы өрт катталып, ал токойго жайылган.
Антальяда 200 гектардан ашык токой күйүп кетти. Өрттүн себептери такталууда.