Талас. Таласта жаштардын "Аракетке-берекет" аттуу конференциясы башталды

 Бүгүн, 15-декабрда Талас шаарындагы №1-мектепте жергиликтүү жаштардын “Аракетке-берекет” аттуу 2 күндүк конференциясы өз ишин баштады. Иш-чарага Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков, КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Адылкан Шабданов жана бир катар эксперттер катышууда. Конференцияда катышуучулар өсүп келе жаткан жаштардын жаңы идеялары менен таанышмакчы. Бул жыйында өлкөбүздөгү туризм, тоо кен, айыл-чарбасы жана ишкердик чөйрөсүндөгү жаштардын орду жөнүндө маселелер боюнча талкуу жүрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан