20-сентябрда Камчаткада магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Орусия басылмалары тийиштүү кызматтарга шилтеме берип жазышууда.
Жер силкинүүнүн очогу Петропавловск-Камчатский шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:13тө болгон.
Бул акыркы күндөрдөгү экинчи ири сейсмикалык окуя: 19-сентябрда Камчаткада 7,2 магнитудалуу жер титирөө катталган. Учурда өзгөчө кырдаал кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп, турак үйлөр менен социалдык объекттерди текшерүүнү улантууда.