Биз социалдык тармакта

Киберчабуул Европанын ири аэропортторунда үзгүлтүк жаратты

Каттоо жана учууга отургузуу системаларын тейлеген кызматка киберчабуул жасалып, Европанын бир нече ири аэропортторунда системалардын ишин үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу Euronews жазды.

Брюссель, Лондон жана Берлин аэропортторунда каттоо иштери убактылуу кол менен жүргүзүлдү. Collins Aerospace компаниясы киберчабуул алардын программаларына таасир эткенин ырастады.

Брюсселде 9 рейс токтотулуп, 4 башка аэропортко багытталды, 15 рейс 1 сааттан көпкө кечикти. Бранденбург аэропортунда рейстер жокко чыгарылган жок, бирок кечигүүлөр катталды. Хитроу аэропортунда болсо үзгүлтүктөр "минималдуу" деп бааланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан