Азербайжандын Нахичеван автономиялуу республикасында жүргүнчү ташыган автобус жардан кулап кетип, 16 адам жаракат алды. Бул тууралуу 21-сентябрда APA агенттиги билдирди.
Жабыркагандардын арасында айдоочу да бар. Алар Нахичеван ооруканасына жеткирилди.
Окуя болгон жерде полиция жана өзгөчө кырдаалдар кызматы иш алып барууда. Кырсыктын себептери такталууда.