Биз социалдык тармакта

Колумбиянын президенти Мексикадан жоголгон ырчыны табууга жардам берүүнү суранды

Колумбиянын президенти Густаво Петро мексикалык кесиптеши Клаудия Шейнбаумга кайрылып, Мехико шаарында жоголгон колумбиялык ырчы Байрон Санчести (сахна аты B-King) жана анын кесиптеши Хорхе Эррерону табууга көмөктөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу Петро өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Петро кайрылуусунда Шейнбаумду "досу жана шериги" деп атап, ошондой эле дипломатиялык корпуска да кайрылып, Санчес менен Эррерону тирүү табуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоону суранды. Петро мексикалык бийликтин аракеттери жакшы жыйынтык берет деп үмүт кылууда.

Коопсуздук күчтөрү Санчес менен Эррерого 16-сентябрда издөө жарыялашкан. Колумбиялык ырчы акыркы жолу Мехиконун борбордук аймагында көрүнүп, андан кийин байланыш үзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан