Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев иш жумалыгынын башында мэриянын аппаратынын бөлүм башчылары, түзүмдүк мекеме-ишкана жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары менен аппараттык жыйын өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Мында 5-октябрь - шаар күнүнө карата даярдык иштеринин жүрүшү, пайдаланууга бериле турган объекттерди жана курулуштарды ачууга даярдоо, жаңыдан курулуп жаткан базарлардын курулушун тездетүү, шаар аймагында жасалып жаткан жумуштарды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.