Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 30 даана синтетикалык тор табылып, алынды

Ысык-Көлдө көл суусун тордон тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл району жана Түп районунун Масло завод участогуна караштуу аймактардан жалпы 30 даана синтетикалык тор табылып, алынган. Алардын жалпы аянты болжол менен 3000 чарчы метрди түзөт.
Бул иштердин негизги максаты – көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана туристтер үчүн таза шарт түзүү болуп саналат.
"Ысык-Көл ОИИБ экологиялык мыйзам бузууларга каршы күрөштү жана коомчулукту айлана-чөйрөнү таза сактоого чакыруу иштерин мындан ары да уланта бермекчи",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан