Биз социалдык тармакта

Орусияда жаран 3 жашар кызын өлтүрүп алып, дарыяга ыргытып жиберген

Орусиянын Краснодар крайындагы Архангельская айылында атасы үч жашар кызын өлтүрүп алганын Mash Telegram каналы билдирди.

Кыз эки күн мурун дайынсыз болуп, андан кийин апасы полицияга кайрылган.

50 жаштагы жаран суракка чакырылып, ал ошол күндөрү төлгөчүгө барып жүргөнүн айткан. Бирок кийин кылмышын мойнуна алган.

Ал кишинин айтымында, ал баланы башына чаап өлтүрүп алган. Андан соң Кубань дарыясына ыргытып жиберген. Учурда кыздын сөөгүн издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан