Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тажрыйбалык ок атуу боюнча Санкт-Петербург шаарынын губернаторунун Кубогу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Эл аралык деңгээлдеги бул мелдешке жалпы 60 курамдык команда катышып, жогорку атаандаштыкта өттү. Натыйжада Кыргызстандын ИИМинин атайын багыттагы полкунун командасы абдан жакшы жыйынтык көрсөтүп, ардактуу 2-орунду багындырды.
Мелдеште өзгөчөлөнгөн жана мыкты көрсөткүч көрсөткөн Ысык-Көл облусу боюнча аймактык округдук ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери да сыйлыктар менен сыйланышты.