Биз социалдык тармакта

Коррупция фактысы боюнча подряддык уюмдун директору кармалды

Аткарылган жумуштардын жана курулуш-монтаждоо иштеринин бааларын 27,2 миллион сомго жасалма негизде жогорулаткан деп "Г.Т.И." ЖЧКсынын башкы директору А.Н.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө, ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын оңдоого бөлүнгөн 1 миллиард сомдун өздөштүрүлүүсү боюнча текшерүү жүргөн.

Аталган ишкананын жетекчиси А.Н.А.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"УКМК мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан