Түрк сериалдарын жакшы көргөн инсандардын катарын толуктайсызбы? Учурда социалдык тармактарда "Алыскы шаар" сериалы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатат. Сериал кызыктуу сюжети жана профессионалдуу актёрлору менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартууда. Бул сериалда башкы ролдордун бирин ойногон (Алья) Синем Үнсал боюнча аз, бирок кызыктуу маалыматтарды топтодук.
Синем Үнсал 21-июнда 1993-жылы интернационалдык үй-бүлөдө төрөлгөн: атасы азербайжан, апасы черкес. Синем бала кезинде Измир облусунун Фоча шаарында жашаган. Орто мектепти аяктагандан кийин колледжге тапшырып, Эскишехирге көчүп кеткен. Интервьюларында актриса эки шаар окшош экенин айткан. Бирок, кийин Синем Стамбулга жаңы келгенде анын масштабы жана көчөлөрдөгү адамдардын саны аны абдан таң калтырган.
Эскишехирде Осман Гази университетин бүтүрүп, адабият боюнча билим алган. Бир аз редактор болуп иштеген. Синем кийин театрга кызыгуусу артып, актёрдук курска тапшырган. Түрк жылдызы телесериалга тартылууну жогору жактан келген белги деп эсептейт.
Синем Үнсалдын актёрдук карьерасы өзгөчө кеңири эмес. Анын телекөрсөтүүдөгү дебюту 2017-жылы болгон. Жаш актриса "Венера" сериалында Гүнештин экинчи пландагы ролун ойногон. Ал "Ак-Кара сүйүү" (2017–2018) сериалына тартылгандан кийин популярдуулукка ээ болгон. "Менин кызым" (2018–2019) сериалында ойногон. Ал эми кезектеги "Керемет доктор" (2019–2021) долбоорунда Синем өз кесибин чындап сүйгөн дарыгер Назлинин образын жараткан. Бул ролу ал үчүн маанилүү болгон. Синем маегинде сценарийди окуп баштаганда эле Назлыны жактырганын айткан.
Акыркы убакка чейин жылдыздын жеке жашоосу күйөрмандары үчүн табышмак болуп келген. Маалымат каражаттары Синемди актёр Кыванч Кылынч менен болгон мамилесин жазып чыгышкан. Инстаграмда Үнсал Кыванчты туулган күнү менен куттуктап, чогуу түшкөн сүрөттөрүн көп жолу жарыялаган. Бирок актёрлор жеке мамилелери тууралуу расмий билдирүү жасашкан эмес.

2023-жылы Синем менен актёр Берк Чанкаттын сүрөттөрү пайда болгон. Экөөнүн кол кармашып, чогуу басып жүргөнүн тартып алышкан. Бир нече убакыт бою түгөйлөр мамилеси тууралуу үн каткан эмес, бирок 2024-жылдын февралында Үнсал берген маегинде тастыктаган.
Учурда Синем Үнсал "Алыскы шаар" сериалында башкы ролду ойноону улантууда. Бул сериал актрисага атактуулукту алып келди. Учурда анын күйөрмандары көбөйүүдө. 
Кыскача фактыларды билип алыңыз:

