Биз социалдык тармакта

Балдарын альтернативдик кызматка чакыруу үчүн ата-энесинен пара алган аскер кызматкери кармалды

Кара-Суу райондук Аскер комиссариатынын аскер кызматкери А.Д.М. "Кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылык" кылган деп кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, А.Д.М. Коргоо министрлигинин Сузак райондук аскер комиссариатынын кызматкери катары үч жарандан 83 000 сом акча каражатын алып, алардын балдарын альтернативдик кызматка чакыруу милдетин алган. Ал 17-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кармалды.

Кармалган жаран Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан