Биз социалдык тармакта

Бишкекте кыздарды интим кызматын көрсөтүүгө тарткан деп 43 жаштагы айым кармалды

Бишкекте кыздарды интим кызматын көрсөтүү иштерине тартып келген деген шек менен 43 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал интернетке жогорку маянаны убадалаган жумуштарды жарнамалаган. Жарнама аркылуу 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздарды акчалай негизде интимдик кызмат көрсөтүүгө тартып келген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү камакка алынган. Ал мурда да ушул эле берене менен соттолгону аныкталган.

Ошондой эле 38 жана 31 жаштагы айымдар интим кызматтарын көрсөтүүгө тартылган үчүн милицияга жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте кыздарды интим кызматын көрсөтүүгө тарткан делип 43 жаштагы айым кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан