Ооганстандын коргоо министри Мохаммад Якуб Мужахид АКШнын президенти Дональд Трамптын Баграм авиабазасын кайтаруу талабына жооп кылганын чет элдик басылмалар жазышты.
"Эгер сиз кетпесеңиз жана базаларды кайтарууну кааласаңыз, биз сиз менен дагы 20 жыл согушууга даярбыз",- деген талибан өкмөтүнүн мүчөсү.
Буга чейин Трамп Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы Баграм авиабазасын кайтарып алуу аракетин көрөрүн пландап жатканын айткан.
Эске салсак, АКШ Ооганстандан аскерлерин 2021-жылдын күзүндө, Жо Байден президент болуп турганда чыгарып кеткен.