Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев Нарындагы курулуш объектилерин текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарында Кочкор районундагы жаңы автобекеттин курулушун текшерди.

Иш сапардын алкагында министр бир катар курулуш объектилерине, анын ичинен жаңы курулуп жаткан автобекетке барды. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр объектини убактысынан кечиктирбей берилиши керектигин, курулуштун ар бир баскычы тыкыр көзөмөлдөн өтүп туруусу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, эки кабаттуу заманбап автобекет республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат. Жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери заманбап стандарттын негизинде аткарылып, жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын ыңгайлуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан