Бишкекте бейбаштыкка шектелип 57 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-сентябрда милицияга кайрылган жаран чала таанышы бир нече жолу таш менен урганын айткан. Шектүү окуядан соң качып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган. Шектүү камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.