Биз социалдык тармакта

Эрмат Жумаев: "Таласта дарыгерлердин айлыгына 40 миң сомдон кошулат"

Таластагы дарыгерлердин маянасына ай сайын кошумча 40 миң сомдон, ординаторлордун айлыгынын үстүнө 12 миң сомдон кошулуп төлөнөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Ал дубанга келип иштейм деген дарыгерлерди чакырып, бекер үй сыяктуу бардык шарт түзүлөрүн убадалады. Мындай аракет ак халатчандардын жетишсиздигин жоюу үчүн жасалып жатканын белгиледи.
"Дарыгер болом деген балдардын окуу акысы дагы төлөнүп жатат. Бирок балдар окуусун аяктаган соң Талас облусундагы мамлекеттик ооруканаларда беш жыл иштеп бериши керек",- деди Жумаев.
Облус башчысы учурда 30 студент ушундай келишим менен дарыгерликке окуп жатканын, облус боюнча жалпы 173 дарыгер жетишсиз экенин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан