Бирикккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80‑сессиясы учурунда Казакстандын президенти Касым‑Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу болуп өттү.
Казакстандын маалымат каражаттары эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашканын жазышты.
Жолугушууда Владимир Зеленский Украинадагы кырдаал боюнча өз пикирин айткан.
Ал эми Казакстандын президенти Касым‑Жомарт Токаев мындай абал “өтө татаал” учурда дипломатияны улантып, жаңжалды токтотуу жолдорун издөө керек деп билдирген.