Бир ай мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош жылуулук электр борборуна барып, ишкананын абалын жеринен көрүп чыккан.
Анда мекеменин материалдык-техникалык базасын, отканалардын абалын текшерип, каралбай калганын, тазалыктын сакталбаганын, баш аламандыкты белгилеген.
Ошондой эле жамаат менен жолугуп, түзүлгөн шарттын начар экендигине токтолгон. Анын ичинде имараттын ички жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, айланасын иретке келтирүү, ашканасын оңдоо сыяктуу кемчиликтерди жоюп, бир айлык мөөнөттө калыбына келтирүү тапшырмасын берген.
Кечээ, мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев Ош ЖЭБге барып, шаар башчынын тапшырмаларынын аткарылганын жеринен көрүп, таанышып чыкты.