Автожарыштардын “Формула-1” сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугун 7 ирет уткан жалгыз автожарышчы, учурда комада жаткан германиялык Михаэль Шумахер 2010-жылы уул-кызына жана жубайына мурас калтырган. Буга 2009-жылы катталган автокырсык себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын эсебиндеги 1 миллиард евро өлчөмүндөгү каражат жана кыймылсыз мүлктөр жубайына, уулуна жана кызына теңме-тең бөлүнөт.
Эске салсак, спортчу 29-декабрда лыжа тээп жүрүп башы менен ташка урунган. Андан соң ал ооруканага оор абалында жеткирилип, операция жасалган. Шумахер буга чейин 2 операцияны башынан өткөрдү. Дарыгерлер анын абалын дале оор деп баалашууда.