Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып, колдоо тапты.
Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев бул максатта республикалык бюджеттен 6 миллион 871 миң сом бөлүү каралып жатканын билдирди. Ага азык-түлүк, балдарга кийим-кече, оюнчуктарды сатып алуу мерчемделүүдө.
Эске салсак, Ооганстанда 1-сентябрда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөдөн 2,2 миңден ашык адам каза болуп, 3,6 миңдей адам жаракат алган. Буга удаа БУУ Ооганстанга жардам үчүн дүйнө жүзүнө кайрылган.