АКШда эки айлык ымыркай ачка калып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, ымыркайды апасы да, атасы да карабай койгон. Тергөө учурунда атасы "баланын курсагын тойгузуу менин жоопкерчилигим эмес" деп айткан.
Мындан сырткары, ата-энеси бала төрөлгөндөн кийин эки ай бою бир да жолу дарыгерге алып барбаганы аныкталган.
Сот 40 жаштагы Кристофер Мэттьюсту балага зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Баланын апасы да ушундай эле жаза алган.