Дагестандын Дербент шаарында жайгашкан колледждин студенти дене тарбия сабагы учурунда каза болгонун Орусиянын Дагестан Республикасы боюнча Тергөө комитети өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, студент кыз эсин жоготкондугу тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган. Биринчи жардам көрсөтүлгөнү менен студенттин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Окуучунун өлүмү боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп, кырсыктын бардык жагдайлары аныкталат.
"Тергөөнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат",- деп жазылат маалыматта.