Чүйдүн Кара-Балта шаарында жалпы аянты 12 400 чарчы метр болгон тигүү цехинин мурдагы имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат 1992-жылы И.Р. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы тигүү цехинин директору болуп турган кезде социалдык объекттерди менчиктештирүүгө тыюу салган мыйзамдарды кыйгап өтүп, бул объектти өзүнүн жакын тууганынын атына менчиктештиргени аныкталганын белгиледи.
УКМК тигүү цехинин ээси мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын моюнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып бергенин кошумчалады.