Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев президенттин облустагы өкүлдөрүн жоюу керектигин айтты.
"Губернаторлордун баарын жоюу керек. Биздин президент жана өкмөт башчы 40 аким менен иштешиши керек. Ошондо иш алдыга жылат. Губернаторлор эмне иш кылып жатышат?"- деди ал.