Ноокатта мамлекеттик кызматкер алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июнда милицияга Мирмахмудов айыл аймагынын 73 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр февраль айында Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн кызматкери 6 сотых жер тилкесин алып берем деген шылтоосу менен 1 миллион сомун алганын айткан. Бирок шектүү убадасын аткарган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 47 жаштагы шектүү (учурда Араван районунда Дөбө-Коргон айыл аймагынын башчысы) убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери уланууда.