Салык кызматы жасалма интеллектке негизделген "AiSalyk" аттуу виртуалдык жардамчыны ишке киргизип жатканын жарыялады.
Виртуалдык жардамчы салык төлөөчүлөргө керектүү маалыматтарды берип, жардам кыла алат. Аталган жардамчы жаңы жылга чейин ар бир салык төлөөчүнүн суроолоруна Салык мобилдик тиркемесинде жооп бере баштайт.
Салык кызматы учурда жардамчынын кызматын Telegram мессенжериндеги TestSalykBot аркылуу колдонууга болорун белгиледи.