АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотуу үчүн талыкпай иштеп жатканын билдирди.
Америкалык лидер бул ал токтото ала турган жетинчи согуш болорун айтты.
"Мен президент Путин менен болгон жакшы мамилемден улам согушту токтотуу эң оңой деп ойлочумун. Бирок согушта эмне болорун эч качан билбейсиң... Баары Орусия бул согушту үч күндө жеңет деп ойлошкон, бирок андай болгон жок", - деди Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасында.
Анын айтымында, Украинадагы согуш бир жумадан ашпашы керек болчу, бирок үч жарым жылдан ашык убакыттан бери уланып, жума сайын эки тараптан бештен жети миңге чейин жоокерлер каза болуп жатат.