Биз социалдык тармакта

Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин билдирди

Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путин менен кааласа Казакстанда жолугууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышуууда.

"Биз жолугушуу үчүн Түркия, Сауд Арабиясы, Катар, Австрия же Швейцария сыяктуу Европанын нейтралдуу өлкөлөрүн сунуштадык. Эгер каалашса Казакстанда жолуга алабыз",- деди Зеленский Fox News телеканалына берген маегинде.

Мындан мурун ошол эле күнү Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский Орусия Украина менен диалогду улантууга даяр экенин жана сүйлөшүүлөрдүн кайсы форматтарын болбосун четке какпастыгын билдирген. Анын айтымында, Москва азыркы украин бийлигинин "шектүү легитимдүүлүгүнө" карабай, Киев менен сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан