Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн акваториясынан 5500 синтетикалык тор тазаланды

Ысык-Көлдүн акваториясынан 5500 синтетикалык тор тазаланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иштер Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ысык-Көл ОИИБинин Туристтик-экологиялык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.
Анын жүрүшүндө көлдүн экологиясына жана балык чарбасына олуттуу зыян келтирип жаткан мыйзамсыз орнотулган 5500 даана синтетикалык тор табылып, алынып салынды жана жок кылынды.
Бул иштер Ысык-Көлдүн кооз жаратылышын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, ошондой эле туристтик аймактын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан