Биз социалдык тармакта

Депутат парламентте Өзгөндөгү соодагерлердин көйгөйүн айтты

Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында эл өкүлү Улукбек Ормонов Өзгөн районунда жайгашкан Куршаб базарындагы соодагерлердин көйгөйүн көтөрдү. Ал билдиргендей, аталган базарда ушул жылдын 11-июнунда ири өрт чыгып, 34 соодагер чыгымга учураган.

"Ушул жылдын 11-июнунда Өзгөн районунун Куршаб базарында ири өрт чыккан. Анын кесепетинен 34 соодагер жабыр тартып, чоң чыгымга дуушар болушкан. Жалпы чыгым 60 миллион сомдон ашуун. Өзүм 15-июнда окуя болгон жерде болгон элем. Бүгүнкү күнгө чейин жеңилдетилген насыя карап берүү же башка жардам маселеси чечилбей жатат",- дейт депутат.

Ормонов президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, министрлер кабинетинин төрагасына соодагерлердин маселесин жеткирип, чечип берүүнү суранды.

Депутат соодагерлердин көйгөйүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан