Биз социалдык тармакта

 Манас шаарынын мэри Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан спортчуну куттуктады

Бүгүн, 24-сентябрда Манас шаарынын Азаттык аянтында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси Шерзат Кудайбердиев сыйланды. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Салтанаттуу сыйлоо иш-чарасына Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы катышты.
Калаа мэри жеңиш менен кайткан спортчуну ийгилиги менен куттуктап, мындан ары да Кыргызстандын желегин бийик желбиретишине тилектеш экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, 20-21-сентябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө кубогу өткөн. Ага 28 мамлекеттен спортчулар катышкан. Анда 7704 аскер бөлүгүнүн сержанты Шерзат Кудайбердиев 71 килограмм салмак категориясында 3-орунду ээлеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан