Биз социалдык тармакта

Чолпон-Атада борбордук канализация куруу үчүн мыйзамсыз курулуштар алынууда

Чолпон-Атада борбордук канализация куруу үчүн мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) тарабынан каржыланып жатат.
Борбордук канализация системин курууда мыйзамсыз курулган объекттер тоскоолдук жаратып жаткандыгына байланыштуу демантаждоо иштери башталды. Долбоор мыйзамдагы бардык талаптарды сактоо менен ишке ашууда.
Борбордук канализациялык инфратүзүм – шаардын санитардык абалын жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана калк үчүн заманбап шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Министрлик мындай долбоорлор өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө, анын ичинде туризмди жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошо турган маанилүү иштер катары аткарыларын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан