Биз социалдык тармакта

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 18 жана 19 жаштагы жарандар кармалышты (видео)

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарында баңгизат сатууга шектелип 18 жана 19 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, рейд учурунда шектүүлөр "закладка" кылып жүргөн учурда күтүүсүз кармалып, качууга аракет кылышкан. Бирок көп узабай колго түшүрүлгөн.

Кармалгандар 2006-жылы туулган К.И. жана 2007-жылы туулган А.Т. аттуу жарандар экени аныкталган. Аларды тинтүү учурунда 100 даана гашиш салынган таңгак табылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 18 жана 19 жаштагы жарандар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан