Балыкчы шаарында баңгизаттарды жүгүртүү менен алектенип келген деген шек менен Т.Э. жана Ж.у.Э. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат алар башка аймактардан баңгизат өсүмдүктөрүн Балыкчы шаарына ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн баңгизаттарды колго даярдашканын белгиледи.
Шектүүлөр баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда колго түшүшкөн. Тинтүүдө 6 килограмм баңгизат продукциясы, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган "Тоз 8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар табылган. Алар Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.