Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев он балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.
Буга чейин 10 баланын апасы Аксана Ташматова жардам сурап кайрылган. Ал жолдошунун тапканы тамак-ашына гана жетерин, үй-бүлө көп жылдар бою батирди ижарага алууга аргасыз болгонун түшүндүрдү.
Камчыбек Ташиев анын өтүнүчүн аткарып, балдарга баалуу белектер менен бирге жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Үй-бүлөсүнө чың ден соолук, жаркын келечек каалады. Ал эми үй бүлө генералга колдоо көрсөтүп, алардын оор абалына кам көргөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Ушул эле күнү Ташиев 7 балалуу жалгыз бой энеге да батирдин ачкычын берген болчу.