Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жана бир катар чет мамлекеттердин жарандары кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, алар эл аралык кылмыштуу коомдоштукту түзүшүп, өлкө аймагында жүргөндө колл-борборлорду уюштуруп, АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарына телефон чалып, алдамчылык менен алектенишкен. Шектүүлөр алдамчылыктын ар кандай схемаларын колдонушкан, тагыраагы, жасалма документтерди жасоо, жасалма компанияларды түзүү, социалдык тармактар, мессенжерлер жана криптовалютага байланышкан телефон алдамчылыктар менен шугулданышкан.
Топтун бардык мүчөлөрү Түркияда таанышып, акыркы үч айда Кыргызстанда мыйзамсыз иштерин жүргүзүп келишкен. Жабыр тарткандардан алынган каражаттар Европада жашаган Маршмеллоу лакап аты менен белгилүү Иван аттуу адамдын көзөмөлүндө турган Европалык банктардагы эсептерге которулуп турган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Бишкек шаарында бир нече даректер тинтүүгө алынып, 9 ноутбук, Apple үлгүсүндөгү планшет, 20 телефон, 26 миң 720 доллар жана 550 евро, фигуранттардын паспорттору, чет өлкөлүк операторлордун уюлдук карталары, 22 банк картасы, 4 Wi-Fi роутер, жалпы салмагы 23,6 грамм болгон баңгизат табылган.
ИИМ атайын операция учурунда кармалгандардын тизмесин жарыялады. Алар:
Учурда тергөө иштери уланууда.