Кечээ, 24-сентябрда Агартуу министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин жаңы курамынын биринчи отуруму болду. Иш-чарага агартуу министринин орун басары, Улуттук аккредитациялык кеңештин төрагасы Альберт Махметкулов катышты.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жыйында аккредитациялык агенттиктердин ишине мыйзам чегинде мониторинг жүргүзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле УАКтын 2025-жылдын сентябрь-декабрь айларына иш планы бекитилип, аккредитация жаатындагы ченемдик укуктук актыларга бюрократиядан арылтуу талаптарын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Агартуу министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңеш 2025-жылдын 18-июнунда төмөнкү агенттиктерге кетирген кемчиликтери үчүн эскертүү берүү жөнүндө чечим кабыл алган:
- "Билим Стандарт" көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги;
- "Сапаттуу билим" билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттиги;
- "Рейтингди жана сапатты аккредитациялоо агенттиги" мекемеси;
- "Эл баасы" аккредитациялык агенттиги.
Агартуу министрлигинин аккредициялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулованын айтымында, жогоруда аталган агенттиктердин кемчиликтерди жоюшуна кайрадан мониторинг жүргүзүлөт.