Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмү өлкө аймагында кооптуу жүк ташуучу унаалардын катышуусунда болуучу жол кырсыктарын алдын алуу максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
• Унаалардын техникалык абалы,
• Коопсуздук жабдыктарынын бар-жогу,
• Жол кыймылынын жана кооптуу жүк ташуу эрежелеринин сакталышы көңүл борборунда.
Ошондой эле айдоочуларга нускамалар өткөрүлүп, эреже бузуулар аныкталган учурда тиешелүү протоколдор түзүлүүдө.