
ӨКМдин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 24-сентябрда 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылды.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 2, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Таласта 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.