Биз социалдык тармакта

Бүгүн парламентте Жогорку Кеңешти таратуу боюнча маселе каралат

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери катышты.

Алгач төрага эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн келечеги үчүн өзүн-өзү таратуу демилгесин көтөрүп жатканын белгилеп, аталган маселе бүгүнкү жыйында добушка коюларын билдирди.

Ага ылайык Координациялык кеңеште парламенттин өзүн өзү таратуу маселесине байланышкан жагдайлар талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан